“Мезгил ылгайт адамдардын аласын…”

17 Feb 2015 No Comments »

 

Айта берсин ылганбаган сөздөрдү,
Кантип эмне, мындан дагы өзгөрдү.
Ички-туйгу бүлүк салып жатканда,
Угамынбы мен ошондой сөздөрдү.
                  *             *             *
Калыптанган, шашмаланган мүнөзүм,
Мунун баары чындыгында бир өзүм.
Эмне десең дей бергиниң садагам,
Дүйнөм кенен, дилим таза чын сөзүм.
                *                 *              *
Акыл сенде бир чектелүү билемин,
Канип чыгат ичтен чыккан илебиң.
Төштү кагып акылсына бербечи,
Кирдеп турса үйүңдөгү килемиң.
                *                 *              *
Ар ким өзүн бир тиктенип карасын,
Кандырбасын ичи тардык табасын.
Жан дүйнөмдү капалантпа, садага,
Мезгил ылгайт адамдардын аласын.

.
Калмамат Турдубаев 

 

.

Өзгөн району,
Арагөл айылы,
2015-жыл 8-февраль,
Жекшемби, саат 10-23.

 

фотография Калмамат Турдубаев.фотография Калмамат Турдубаев.
фотография Калмамат Турдубаев.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *