“Ыр дүйнө” – ыр жыйнак.

14 Mar 2015 No Comments »

                               Азике-китепке1Азизбек  Асабала

 Берекеси төгүлгөн күнөстүү Кыргыз жергесинде, айтылуу гүрүчү, он    эки кылымга тете тарыхты бар тарыхий баалуулуктарга ээ , мурамор ташы менен белгилүү болгон өрөөндө жарыкчылыкка келген. Кырктын тизгинин тээп турган учуру азыр. Балдай таттуу бала курагы Жалпак – Таш айылында өткөн, окуган мектеби “Коммунизм”. Азизбек негизинен поэзияга ыр деле жазбайт атайын кээ кээде чиймелеп калат , үй- бүлөө бар, эл катары жашоосу бар. Учурунда Ош обулустук “Тышкы экономикалык байланыштар” бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектенген. Аны улай эл аралык уйумдарда атайын долбоор жазуу тармаганыда окутуу бойунча адис, ” Ош ЭсБиСиДи консалть” коомдук уйумунда менеджер, Соода Өндүрүш Палатасынын Ош обулусундагы болумунун волонтеру болуп эмгектенген. Бир канча коомдук эл аралык, кыска мөөнөттө билимди бышыктоо сертификаттарынын ээси.

Cулуу ай нурун төксүн

Сулуу ай нурун төксүн,

Сулуулап жердин бетин .

Сулуу ай нурун төксүн.

Учат тур шашылбастан,

айланып деңиз үстүн,

Махабат өзү келбейт,

талыкпас эмгек керек,

ханзаадасы жүрөгүңдүн,

жүргөндүр сени издеп.

Каккылап канаттарың,

перинин кыздарындай,

Тамшанып жүрө бербей,

көңүлдүн мырзасына

туйунтаар белги бергин.

*      *      *

Баш ийип тагдырыңа карындашым,

Карабай кетти деп муңайбагын.

Күнөө бар махабатта көзү сокур,

Келет сүйүү, байкабай калаарың чын.

 

Жазып жатып манжалар,

Ыр айтууга маш чыгаар.

Жардам күтүп жатат ко,

Жашырынган таланттар…

*        *         *

Бей күнөө, байоо мүнөз бала сындуу

Бей күнөө, байоо мүнөз бала сындуу,

Сактасын  жалгыздыктын айылынан.

Ар таңда, күүгүм кечте, түн ортосу,

Бир жүрсүн перзентиң анан жарың…

 

Ойго салып өз пендесин Жараткан,

Жыргал  турмуш азап менен сынаган.

Бири сынып селсаякка айланса,

Дагы бири чыйралып бактын тапкан.

 

Кара сөз жоргосу го ушул сулуу,

Кеп айтат пендени ойго салчуу.

Кээде ыйлап, кээде күлүп улутунган,

Бей күнөө, байоо мүнөз бала сындуу.

 

Дүйнө кенен биз пендеси жашаган,

Орун жетет, кынтыгы жок теңдеген.

Эне тилди барктаганың жакшы экен

Ийгиликти тең бөлүшүп эл менен.

      Шайлоо доско

 

Калем сабым сынган өңдүү белинен,

Эмне жазам, эмне дейин эми мен.

Баш калаадан  суук кабар угулуп,

Мен адашып турам айтаар  кебимен.

 

Колумдан кушум учуп, жүрөк  канап,

Бут денем таш сыяктуу салмактанат.

Шайлообек, Шайлоо досум  ишенбеймин ,

Өлгөнүң  жалган болсо атаганат.

 

Жүрөк сокпой токтоп өмүр кемеси,

Муздап барат бир адамдын денеси.

Бала мүнөз, тамашакөй досумдун,

Туруп алды алп мүчөлүү элеси.

 

Бүгүн сынып бир дарактын бутагы,

Бүгүн  өчтү бир жигиттин чырагы.

Тосуп алгын,  Ошко барам – деп  койуп,

Кайда кеттин калпыс буруп сапарды.

 

Өзгчө  шайыр мүнөз, кепке чечен,

Жан элең пендеге эч жамандык издебеген,

Тойуңда кызмат кылам  чакыргын, –  деп

Шашып кеттиң бул жалгандан эмнеликтен ..?

 

Жаза бастың турмуштун кай жеринен,

Орун жок эмне учун өмүрдүн кемесинен.

Айыпсыз жазалаган өз пендесин ,

Оо, тагдыр! Ушунчалык таш боор белең.

 

Кечир досум, кабар угуп кечигип,

Бара албадым тажийаңа жетишип.

Бейитиңе топурак  да салалбай,

Турам азыр ырларымдан эскерип…

 

Кош бол эми , кошкун досум түбөлүк,

Асман дагы турат бүгүн түнөрүп.

Аттин арман сенин ордуң бош турат,

Жубайың жок, уулуң  да жок  кун өлүк….

 

Кайгы өчпөй турат азыр сезимден,

Өмүр  кыска, турмуш татаал, жол кенен.

Арман толгон жалгыз гана ырымдан

(Жанга жолдош жалгыз гана ырымдан),

Бейитиңе түбөлүктүү гүл  тигем…

 

2000- жыл.

Жалпак-Таш айылы.

          Кыргыз тилге

Тилим кыргыз, дилим кыргыз  жар салам,

Элим кыргыз, жерим кыргыз   мактанам.

Элиң, жериң, тилиң, диниң- саткын  деп,

Жоо куралы ажал чачып турса да:

Алла жалгыз!

 

Диним ИСЛАМ, тилегеним ыйман!

Мен КЫРГЫЗмын !- кыргызча эле айталам.

Кыргыз ӨҢҮ бүт ааламга таанымал,

Улуу эпос “Манас” менен жашаган.

 

“Кыргыз көчү” кылымдарды багынтаар

Улуу элдин тилин, дилин билип ал…

Кыргыз туусу  шамал менен желбиреп.

Улуу Кыргыз “асабасы” көк тирейт

 

Кыргыз тилин эркин сүйлөп кыргыздар,

Шатырата колду чаап, мыкты сынак берди дейт!

Чотун каккан чоңдоруң, чоң курсагын сылшып,

Сынак берип  кыргызча сүйүнүшөт кубанып

 

Өз тилинде сүйлөбөс четтен чыгат кыргыздар…

Талкалаган өз тилин кыргыз эмес ушулар….

Уйат кыргыз, уйал  кыргыз, уйалгын,

Кайда кетти ар намысы калкымдын.

 

Кыргыз болуп, өз тилиңди билбейсиң,

Башкаларга  кантип айтам, бил деймин!

Төңкөрүштү жасагандай жан дүйнө,

Кыргызмын деп айткым келет күнүгө.

Башкалар да айтсын үчүн жар салып

Мен чакырам кыргыз тилин сүйүүгө!

Биригели кыргыз туунун түбүнө, Ак калпакты кийеличи күнүгө.

Араздашпай достошолу туугандар,

Ыйман толсун, оо пенделер жүрөккө.

Жазылбаган ырларындай акындын,

Унутулган сөздөрү көп калкымдын.

 

Төшүм кагып мен Кыргызмын!-десем да,

Сөзүн кошуп сүйлөп  алам орустун.

Кыргыз, кыргыз деген ким өзү,

Барбы деги, кайда кыргыз өлкөсү.

Улуу тилди даңазалап сүйлөгөн,

Көрөйүнчү  тил барктаган бирөөнү…

Суугарылган дайрасында илимдин,

Уул – кызы көп улуу кыргыз элимдин.

Четтин тилин балдай таттуу сүйлөшөт,

Эне тилин эмне үчүн аздектебейт, сүйүшпөйт  …

       Жол дептер

( автобуста келе жатып жаралган ойлор)

Кыздар жүрөт ауратын ачып койуп,

Уулдардан намыс кетип БОМЖ болуп.

Чиновниктер чиренип курсак сылайт,

Ырыскысын калкынын катып алып.

 

Кыргыз жүрөт байлык үчүн дүйнө кезип,

Теңир берген ырыскысын терип жешип.

Кээ бири байып жатат  эмгегинен,

Кай бирөө жашаган башкалар эсебинен.

 

Ыймандуу  аялдар бар таазим этем,

Сойкулар дене сатат не себептен.

Дили кара бирөөлөр бар аттиң арман,

Мусулман экенин унутушкан.

 

Кызмын деп тийип алган бир эркекке,

Койнунда жарын таштап байлык издеп.

Динин чанып Исуссту Кудай деген,

Уул-кызын чардап жүрөт бөтөн  элде.

 

Зордукчул жигит жүрөт төшүн кагып,

Кыргызды көргөндө күчү ташып.

“Башкалар” сөөмөй кезеп жекиргенде,

Бөбөк сымал ордунда калат катып.

 

“Жээндер” төрөлүштү күнөөсү жок,

Жашашат алар эми ата эне жок.

Ичин жарып даарыгелер кай  бирөөнүн,

“Запчастарын” чоң акчага сатып ийет.

              Карылык

Аппак кылып баштагы чачты агартат карылык,

Курчун алып көзүңдүн, нур өчүрөөр карылык.

Белден алып күчүңдү, бүгүп салаар карылык,

Бырыш салып жүзүңө өкүндүргөн карылык.

 

Жалындаган  жаштыкты багындырган карылык,

Кусалантып өткөнгө өмүр бербейт карылык.

Кебиң укпай жаштарың, капа кылаар карылык,

Бүтүн туруп тишиңдин курчун алаар карылык.

 

Бөбөктөрдүн кыялын белек кылган карылык,

Назик кылып көңүлдү оорутат ко карылык.

Билектеги күчүңдү ченеп койгон карылык,

Жаш кезиңдей тамакты жей албайсың айбыгып.

 

Оозуңда бүдүр тиш койбой азап берээр карылык,

Айткан сөздү кулагың  укпай калат карылык

Перзентке эмес, таякка сөйөп койот карылык

Качсаң да арттан кубалап келе берет карылык …

 

Жакшы чыкса уул – кызың бакыт экен карылык,

Акмак болсо уул – кызың тозок болоор карылык.

Бүлөөсүнө ар дайым мээрим төгөөр карылык,

Насаат айтып олтурса төрдүн көркү карылык.

 

Ырыскысы ар дайым толуп – ташкан карылык,

Ак батаасын жаштарга берип турган карылык.

Намаз окуп пендеге жол көрсөткөн карылык,

Перзентине ар дайым тирөөч болгон карылык.

 

Кыскалыгын өмүрдүн айкын кылган карылык,

Урпактарга санжыра тарых айткан карылык.

Тойбой улам өмүргө кол сермеген карылык,

Кайран өмүр жаштыкты турам азыр сагынып.

 

Небере жана чебере белек кылган карылык,

Бул жалганда көбүнө кадыры бийик карылык.

Тээ бийиктен жарыгы тийип турган карылык,

“Кара туман” каптаса жол көрсөтөөр карылык.

 

Божуратып  балача сүйлөштүргөн карылык,

Салт санааны жаштарга айтып турган карылык.

Өрнөк болгон өмүрү кандай сонун карылык,

Кечээ эле жаш элем бүгүн келди карылык.

 

Кучак жайып тээ алыста күтөт мени карылык,

Кирпигинде көз жаш калып коштошууда балалык.

Кыялбаймын жаштыкты ,тоскум келбей карылык,

Орто муун курагында жүрөм азыр сандалып.

 

Дарбазасын жаштыктын кулпулаган карылык ,

Сурабай сенин каалооңду келет мезгил агылып.

Миллиард  доллар берсең  дагы парага,

Кайтара албайт сени эч ким жаштыкка.

 

Күчөттүрүп  эңсөөнү азап береер карылык,

Жаштыктагы махабат унутулбайт түбөлүк.

Көөдөндөгү эңсөөлөр жашоо берет нур төгүп,

Жүрөм азыр … “кечээ кеткен өңдөнүп”.

      Аралаш ырлар

Жүрөк ооруп, денем үшүйт негедир,

Кыргыз тилим , улуу элим!

Бүгүнкүдөй талкаланган эместир,

Күнөө кимде… жообун таппайм.

Балким ушул…

“киргиздердин” көбөйүшү себептир.

 

Талкаланды, кордолду го эне тил!

Эне – тилден сынак берсе төбөлүң!

Калың жоону кыйраткансып  анан да,

Сынак бердик, -ураа, дешет чоңдоруң!

Жашка  толду эмнегедир көздөрүм,

Жакпай калды башкаларга сөздөрүм.

 

Мекенимде, эне тилде кеп айтсам,

“Мырк ко” дешет  кыргызчалап сүйлөгөн.

Жети атасын билбегенди кул дешет,

Кыргыз тилин “курутканды” эмне дейт?

Элин коргоп жоо сайганды  баатыр дейт,

Эл үмүтүн уурдап, жер сатканды эмне дейт?

 

Сөздүтаапсүйлөгөдү “чечен” дейт

Өз таарыхын унутканды  эмне дейт?

Өзүн таппай жүргөндөрдү ‘маңкурт’ дейт,

Динин саткан акмактарды эмне дейт?

 

Айталбай өмөмүрүмдүн кайсыл күнү түгөнүшүн,

Жашоо кызык, замандашым ошол үчүн.

Жообунан суроосу көп бул жалганда,

Эх досум, балалыкты сагынамын,өкүнөмүн.

 

Жазган менен жүрөк толгон арманды,

Толтура албайм орду бошоп калганды.

Тамгаларын алтын чылап жазсам да,

Токтото албайм, каары каттуу ажалды.

 

Жасабасаң жан дүйнөгө төңкөрүш,

Боло бербейт турмушуңда өзгөрүш.

Өлкөм үчүн жан күйгүзүп кыргызым,

Жасайлычы эл мактанаар бир чоң иш.

 

Кыргызбыз, кыргызча эле жашоо керек,

Батышты тууроо бизге эмне себеп.

Абийри, ар намысы бийик калкпыз,

Аларды  коштоп сатып салбоо керек.

 

Камчы басып соорусуна жылдардын,

Кетти жаштык, кетти бала курагым.

Чынжырына бекем байлап мезгилдин,

Жолун улап алга барат сапарым.

 

Сүйүүбакытакынкылганканчаны,

Сүйүү азап маңкуртка да айлантты.

Жабыркабай сүйүү деген илдеттен,

Ашыгыңа ачык сырың айтсаңчы.

*            *            *

 

Эмнегедир боштук ээлеп көөдөндү,

Токтободу аккан жашым көздөгү.

Шайым кетип мойун сунуп турамын,

Мен узатып тосмосу жок өмүрдү.

 

Жектеп турам, достор бүгүн өзүмдү,

Жан дүйнөмдүн ыйы бүгүн төгүлдү.

Жамгыр менен шамал ээлеп жүзүмдү,

Жашырууда көз – жашымды бул күнү.

 

Ээлик бербей буркурады жан дүйнө,

Кайдыгерлик ар бир айткан сөзүмдө.

Багытым жок селсаяктай  сандалып,

Турам жалгыз, түн жамынып көчөдө.

 

Улам – улам тигилемин сүрөткө,

Балалыгым байланышкан күндөргө.

Бактым тоодой болуп турган ошол күн,

Кайрылсачы эч болбосо бир мүнөткө.

       Бороондуу ойлор

 

Мен бир пенде жашаган жомок менен,

Бакытты кең ааламдан издеп келем.

Тагдырдын чийип койгон жолу терең,

Кол сунуп мен өзүңдү куткараарда.

 

Суу толкуп, тереңдерге алып кеткен,

Мен дагы көк беттенип алга жылам.

Айбыгам бороондуу шамалдардан,

Албууттанган толкундар тоссо дагы,

Кучагыма мен сени алсам дегем.

*            *            *

 

Ууртуңдан жылмайып турган менен,

Жүрөгүң азап-муңга  орун берген.

Алыспыз биз экөөбүз жакын жүрүп,

Ортобузду көрүнбөс тосмо бөлүп.

Көрдүм мен көздөрүңдү сүйүү күткөн.

*         *         *

 

Жамгыр жууп тазартса эгер, бүт денемди келбетим,

Ыйман менен аруулайын жан дүйнөмдүн кирдешин.

*          *          *

 

Уурдалган жаштыгым бар, мезгил күбө,

Арзыймынбы бир селкинин сүйүүсүнө.

Кучак толгон гүл белек камдап алып,

Ырларымдан барам бүгүн мен үйүңө.

*           *            *

Көтөр башты хан Манастын тукуму

Көтөр башты хан Манастын тукуму,

Бел байлайлы бекемдөөгө уңгуну.

Хандар качып, эл кордолуп турган кез,

Кыраан чыкпай, коргоп  алаар улутту.

 

Жолду таппай туңгуйукта турган кез,

Кыраандарды колдобостон чапкан кез.

Түз жолунан эл башылар адашып,

Кыргыз элим бозгун болуп калган кез.

 

Хан Манаска муктаждык болуп турат,

Төрөйүн деп бата сурап калкымдан.

Кайраттуу Каныкейдей апа турат,

Хан Манасты төрөтчүүлөр четтен чыкпайт.

      Түркүн саптар

 

Баш тартпаймын, мен мусулманмын,

Айта берсин артымдан ушак – айың.

Кыргызмын, бактылуумун башкалардан,

Улуттардын атасы тарыхка тамыр жайган,

Пенде эмесмин кулу болгон акчалуунун.

*         *         *

                                 Тил жөнүндө

 

Тил сөөгү жок кызыл тил. Айта турган ойуң бышып жетиле электе эле сайрап жиберген тил. Досту жана душманды таап, жан дүйнөңө бүлүк салган тил. Ооздугу жок жойлогон тил.Чоң кыргындан калкын сактаган тил. Кырк жылы өнбөгөн( кайтарылбаган,бербей жүргөн) доону(бересе, карыз) өндүргөн тил. Гүлдөй назик көңүлдүн ишеничин талкалаган тил же болбосо адамды айга жеткире мактаган тил. Өлбөс өчпөс сөз жараткан ушул тил!..

*         *         *

Ким бактылуу кыргызым?

 

Салаасынан “кан” тамган канкоруңбу,

Эл үлүшүн уурдаган аткоруңбу?

Кайыр сурап жан баккан тилемчиби,

Генди бузган сойку же баңгилерби?

Динин чанган  дил бузаарбы,

Бөлүп саткан жер – сууну бузуктарбы!

 

Урмат сыйын унуткан  аалымдарбы,

Адилетти бетке айткан  акындарбы?

Беш өрдөгүн учурган кабарчыбы?

Ажолорун айдаган кыргыздарбы?

Алкым бузган АКШ акчасыбы.

 

Жүз сом үчүн жан кыйган акмактарбы?

Ыйман качкан дилинен адамдарбы,

Үй- бүлөсүн чанышкан кыйыныңбы?

Өлкөсүнөн кетишкен бозгундарбы,

 

Дабаасы жок дарт менен ооруганбы?

Бар экенин Алланын унутканбы,

Туулган жерден түбөлүк куулганбы?

Күндө пикет митинг деп чыккандарбы,

 

Бийлик үчүн кармашып жаткандарбы?

Өз тегини айта албас падышабы,

Жети атасын куруткан маңкурттарбы?

Шариятты “Ойногон молдолорбу”?

 

Ислам динин бурмалап ойногонбу?

Алдап барып адамды саткандарбы,

БОМЖ болуп көч өдө жаткандарбы?

Уруштурган пендени чагымчыбы,

Өз ишини баалабас врачыңбы?

Өкүмгө деп акча алган сотторуңбу,

Экзамен, зачет сатышкан ЖОЖ доруңбу?

Өлдү дешип жалгандан акча алганбы,

сыйын көрүп ” төрүнү талашкан бы”?

 

Чындык айткан кишини жалмаганбы,

Ак калпагын кийбеген адамдарбы….?

Ууртунан ушакты чубуртканбы…,

Чек арасын тосо албас улуктарбы?

   Кыз жигит

 

 Жигит кызга:

 

Сулуулап жердин бетин,

сулуу ай нурун төксүн.

Учат тур шашылбастан,

Айланып деңиз үстүн.

Махабат өзү келбейт,

Талыкпас эмгек керек.

Ханзаадасы жүрөгүңдүн,

Жүргөндүр сени издеп,

Каккылап канаттарың.

Перинин кыздарындай,

Тамшанып жүрө бербей.

Көңүлдүн мырзасына,

Туйунтаар белги бергин.

Кыздан жооп:

 

Сабалап канатымды,

Кыдырып ай- ааламды,

Бүркүттөй бийик учуп,

Издедим мен бактымды.

Табылбай теңим менин,

Муздоодо сезимдерим.

Кол сунсам агатай деп,

Терс бурулуп кеттиң өзүң.

 

Шамалга желип жортуп,

Кетти го менин сөзүм.

Махабат алоолонгон,

Жалыны өчүп барат.

Кусалык сезимдерим,

кубаты күчөп барат.

Жакында той болот дейт,

Беш көкүл кыз узатуу.

Сапарым бурайынчы,

Ал тойго барайынчы.

А балким мен издеген,

бактымды табамынбы…?

  Жигит:

 

Бороондо буйуккандай,

Чар жайыт ойлоруң бар.

Кол сунсам сүйөмүн деп,

Кечир, деп айтканың бар.

Азыр мен унутканмын,

Таптакыр башка адаммын.

Ал тойдон кабарым бар,

Кудалар келген чыгаар.

Достору чогулушуп,

Кой сойуп жаткан чыгаар.

Казанда эти кайнап,

казы карта чучугу,

Эзилип бышкан чыгаар.

 

Палван билек шамдагайлар.

Көк бөрү тарткан чыгаар,

байкасаң арасында.

Жаш анан бойдоктор бар,

21.01.2015 18:18

                     *        *        *

 

 Көзүңдөн бүт жашооңду  окуп билем…

Акыл менен баардыгын жашырсаң да,

Көзүңдөн бүт жашооңду  окуп билем.

Батырдым бүт ааламды муштумдай жүрөгүмө,

Чакырам баарыңарды аруулук дүйнөсүнө.

Ынтымакта жүрөлүчү беш күндүк бул өмүрдө,

Ансыз да өмүр кыска, жашоолор өкүнүчтө.

*           *            *

Татыймын апамдын мактоосуна….

 

Кабак бүрктүм. Капаландым мен бүгүн,

Жазасы го тагдырдын деп түшүндүм.

Жаш улгайып баратканда кеч күүгүм,

Сүйүү чачтың жүрөгүмө сен өзүң…

 

Баштапкыдай кадамым баспай калды,

Айткан кебим башкага жакпай калды.

Кечээки жылмайган жүздөр бүгүн,

Мамиленин каалгасын жаап жатты.

 

Көөдөнүмө бук толуп ызаа батты,

Көңүлүмдүн сепили урап жатты.

Ууртумдан жылмайып турсам деле,

Көздөрүмдөн тамчылап жаштар акты.

 

Тизе бүкпөйм душмандын соккусуна,

Баш ийдим турмуштун сыноосуна.

Бүт аалам мени жектеп турса дагы,

Татыймын АПАмдын мактоосуна.

 

Бүт аалам мени жектеп турса дагы,

Татыймын АПАмдын мактоосуна

Бийик кармап асабаны дайыма,

Желбиреткен кыргыз туусун шамалга.

 

Тил барктаган бабалардын заманы,

Таарынгандыр тил барктабас жандарга…

Түйшөлтүп адамзаттын тынчын алган,

Бул аалам өзүбүздөй баш аламан.

Кудайдын каарына калып барат,

Көр пенде алыс кетип ыйманынан.

Буулугуп сүйлөй албай тилден калып,

Маанисиз жашоо өтөт мен сандалып.

 

Кечилдер жан кыйышса көз ирмемде,

Турамын карегимде жашым аарчып.

Сүйүү толгон татына көздөрүңүз,

Махабатка жол ачкан жүрөгүңүз,

Дайра сууну кечкен соң өкүнбө…

 

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *