ӨЗГӨН АЙМАКТЫК ООРУКАНАСЫ ЭЛ КЫЗМАТЫНДА

20 Jan 2016 No Comments »

 

        Оорукана шаардын чыгыш жагында жайгашкан

Өзгөн  аймактык ооруканасы, Өзгөн районунун чыгыш жагында, Жаныбек казы микрорайонунун аймагында жайгашкан. Ал жерде ашкана, самсакана, навайканы, чакан базар,аптекалар жайгашкан. Ошондой эле автотоктоочу жайлары да бар. Ашканалар дээрлик көзөмөлдөнүп , санитардык абалы да эң жакшы. Тамак-аштар жогорку сапатта даярдалып, оорулуу адамдын диетасына да жооп берет. Оорукана да бейтаптарга үч маал тамак беришет. Бейтаптарга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Транспорттор шаардын баардык багытына күнү-түнү кызмат кылып турушат.

ӨЗГӨН АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН БАШКЫ ВРАЧЫ ЖУНУСОВ САТАР САЙПИЕВИЧ

Өзгөн аймактык оорукананын башкы врачы Жунусов Сатар Сайпиевич элди азыркы заманбап абалга шайкеш келген, 21-кылымдын илим менен техниканын өнүгүү абалына шайкеш келген заманбап оорукананга айландыра алды. Сатар Сайпиевич, аймактык оорукананы акыркы жылдары өзгөртө алды. Аймактык оорукананын тышкы жана ички көрүнүшөрүн өзгөртүп, баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, элге кызмат кылуучу абалга алып келе алды. Ооруканнын медициналык кызмат кылчуу жамаатын профессионал медкызматкерлер менен толуктады. Ар бир оорукандагы бөлүмдөр өзүнүн кызмат кылуучу абалын канааттандыруучу абалга келтирилди. Оорукананын башкы кире бериш эшигинен баштап, башка дүйнөгө келгениңди сезе баштайсың…

               ӨЗГӨН АЙМАКТЫК ООРУКАНАНЫН БАШКЫ ЭШИГИ

Оорукананын башкы эшигине кирер замат  таптаза жол жана ар бир өзүңүз каалаган медициналык бөлүмдөргө татынакай аллеялар аркылуу барсаңыз болот. Башкы эшиктен кирер замат атайын “Багытты көрсөтүүчү багытамалар”   аркылуу жол сапар тартсаңыз сизге оңтойлуу болот.

Анан сиз танынакай аллея менен жай чайпалып, ойго батып, өзүңүздү кыйнаган дарттан кутуулула алаарыңызга көзүңүз жетип, дагы сапар улайсыз. Сиздин дартыңыздан кутула аларыңзга көзүңүз жетип, дагы акырын айланага суктана карап сапар улайсыз.

                     Дарттан арылтуучу аллеялар

Мына, замандаш! Сиз Бишкектин аллеясы аркылуу эмес, Өзгөн шаарындагы, Өзгөн аймактык ооруканасы аркылуу өзүңүзгө керектүү Оорукананын бөлүмүнө бара жатасыз. Кооз жаратылыш. Арча, карагай, кайың, теректер көңүлүңүздү көтөрүп атабы? Анда сизге оомат гана тилейбиз. Алга замандаш!
Анан бейтаптар чарчаса, дем алгысы келсе, ойлонуп,акыл калчагысы келсе, атайын заманбап орундуктар бар. Отуруп, дартыңыздан арылууга толук мүмкүнчүлүк бар экенине көзүңүз жетет. Эгер жамгыр же кар жаап турган болсо, кыжаалат болбой койсоңуз да болот. Отургучтун чатыры  сизди жаан-чачындан сактайт.

ТӨРӨТ БӨЛҮМҮ

Сиз Төрөт бөлүмүнө келе турган болсоңуз, аялыңыз же жакындарыңыз төрөй турган мезгилине жетсе, анда Кош келиңиз! Сизди жогорку категориядагы врачтар, тажырыйбалуу медайымдар, Киндик энелер, акушеркалар тосуп алып, сиздин жарык дүйнөгө келчүү ымыркайыңыз үчүн кызмат кылып беришет. Коңгуроону басыңыз! Сизге анда оомат каалайбыз! Эч нерседен кам санабай койсоңуз да болот.

МЕН ТӨРӨЛДҮМ!

Экинчи этажда асыл энелер төрөткө даярданышып, толгоолорун бышырып, анан эсен-аман төрөп алышат. Экинчи этажга чыгып бара жатканда ушул сүрөт чоң болуп турат. Ымыркайдын жарык дүйнөгө эсен-аман келиши эң сонун чагылдырган. Төрөй турган энелерге ишеним күч-кубат берип турат. “Бейиш энелердин таманын астында дегендей” асыл энелерге бул жерде абдан сонун шарт түзүлгөн.

Эң бир кымбат

Менин энем,

           Дайыма мени менен….

Мынакей асыл эненин символу. Эне төрөдү! Ымыркай бул жарык дүйнөгө келди. Эне сүйүнүчү. Эне ишеними. Эне бактысы. Мамлекет күчү, кубаты ушул ымыркйдан башталат. Асыл энелер үчүн камкордук эң сонун көрүлгөн.

                     ОПЕРАЦИЯЛЫК БӨЛМӨ

                         ОПЕРАЦИЯЛЫК БӨЛМӨ

 ТӨРӨТ БӨЛҮМҮНҮН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ АБДРЕШОВА ШАРАПАТ

 САДЫКОВА ГАВХАРАЙ НАБИЖАНОВНА-ТӨРӨТ ЗАЛЫНЫН АКУШЕРКАСЫ

                          ЫМЫРКАЙЛАР БӨЛМӨСҮ

                    ЫМЫРКАЙЛАР ДАРЫГЕРИ КУЛУЕВА КАНЫШАЙ

 ЫМЫРКАЙЛАР ДАРЫГЕРИ КУЛУЕВА КАНЫШАЙ, МЕДАЙЫМ ТОЙЧИЕВА    САБИРА, МЕДАЙЫМ НАСЫРОВА ЖЫПАР

Апа деген бийик наамга ээ болуп,
Кучагына балканактай бала толуп.
Эмизгин, ак сүтүңдү ийе бергин,
Эне сүтү балага чың ден-соолук.

 Камчыбекова Айпери Молдошевна-Врач акушер-гинеколог.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *