“БИЗ АЙТПАСАК КИМ АЙТАТ…”

06 Sep 2016 No Comments »

..

КӨЙГӨЙ

Калкыбыз тээ илгертен эле ыйманды туу тутуп, аялзатын урматтап келген наркутуу эл. Ошондуктан, “кызга кырк үйдөн тыюу” деп коомдогу жат көрүнүштөрдөн оолак болуулары үчүн
салтты, үрп-адатты каттуу кармашкан. Мындай учур артта калып, бүгүнкү “демократия” аталган заманда адамдар кайдыгер мамиледе болуп, ар ким өз турмуш-тиричилиги менен убара. Чет өлкөлөрдүн таасири менен элибиз ар тараптуу өнүгүп, тажрыйбаларын иш жүзүндө колдонуп, мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп жаткан кезде батыш
өлкөлөрүнүн жат көрүнүштөрүнүн бири болгон “түнкү көпөлөктөр” деген түшүнүк пайда болду. Алгач “көпөлөктөр” чоң-чоң шаарларды байырлап келген болсо, эми өрүштүү Өзгөндө кулач жайып, өнүгүп жатканы ачуу чындык экени
талашсыз. Аталган жийркеничтүү көрүнүштөргө өз убагында өз убагында бөгөт коюу максатында аймактын көрүнүктүү энелери
энелери, белгилүү айымдар Өзгөн районунун администрациясынын башчысы А. Таажибаевке, Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко, райондук коопсуздук комитетинин
башчысы А. Мамаевке, райондук прокуратурасынын башчысы
М. Айтикуловго, РИИБнүн башчысы подполковник К.Рахмановдорго төмөнкүдөй кайрылуу жасашкан: Өзгөн шаары эң ыйык жерлерибиздин бири экени талашсыз. “Султаным Мунара”, “Кылыч Бурханым” тарыхый мурас катары ЮНЕСКОго катталуунун алдында турат. Бул жерде Кулкожо Акмат Яссави, Имам Саракси сыяктуу башка малекеттерге
белгилүү аалымдар, улуу инсандар өткөн. Биз кайрылып жатканыбыздын себеби, союз убагында борбордук аймакта типтүү мейманкана бар эле. Союз тарагандан кийин ал имарат
менчиктештирилип, анын үчтөн бир бөлүгү сойкуканага айланып калды. Биз бул кайрылууга чейин бир канча ирээт ал жерге барып, сойкукананын кызматкерлерин эскертип, жогорудагы жайды жабууларын талап кылган убакта, бизди алар ар кандай оозго алгыс сөздөр менен тилдешип, ал гана эмес ” ишенген адамыңарга кайрылгыла, колуңардан эч нерсе келбейт”-деп моюн толгошту. Андан бери бир топ убакыт өткөнүнө карабастан эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Ошол себептүү
алар талабыбызды аткаруунун ордуна бизнеске айландырып,
күн сайын кулачын жайып, тамырлап баратат. Акыры айлабыз
түгөнүп, райондук ички иштер бүмүнүн кызматкерлери менен барганыбызда, бизди көзгө илишпей, эшиктерин ачпай коюшту.
Ал жердин акыбылын сөз менен айтууга мүмкүн эмес. Анткени,
ал жерде жапжаш туруп, бузулган кош бойлуу кыздар күнүмдүк жумушу сыяктуу эле жүрүшөт. Жашаган атмсферасы адам баласы эмес, айбан чыдагыс акыбалда. Ал гана эмес 21-кылымдын чумасы болгон “СПИД” оорусунун очогуна айланган десек жаңылыштык болбойт. Ошол себептүү “түнкү көпөлөктөрдүн” уясын бузуп, тезинен жабуу күндүн талабы деп эсептейбиз. ” Бир карын майды, бир кумалак чиритет” дегендей Өзгөнүбүз ушундай арам жүргөндөрдүн айынан жаманатты болбош керек. Бул көрүнүштөр кино сыяктуу . Карап турсаң жаштар, бозуландар да, аялы барлар, бойдоктор, жаш-карылар
келишип жеке кумарын кандыруу “түнкү төшөк акысын” төлөшүп ар кандай шартта абалда. ыпылас ишке баруусу, көмүскө жердеги кино тасмасындай. Ушул окуяга көрүп турсаң да ишенүү өтө кыйын. Бул жат көрүнүшкө, Мамлекетибиздин мекенчил атуулдары намызданышып каршы чыгыууга туура келди. Бул биздин атуулдук милдетибиз. Татына жергебиз, таза болуш керек. таза болот дагы. Бул көрүнүштүн сценрарийин жазган бирөө болсо, көрүнбөгөн башкы каармандардын ролун ойногондор башкалар. Алар Кудайдан коркпой арам акчанын кулу болушуп алардын жарыбаган акчасын алышып, кылган кылмыштарын жаап-жашырышып жатканы да өкүнүчтүү. Чын эле ушунчалык күнөөгө батып, Жаратканды да унутуп калып, ыпылас ишти кылууну аликүнчө улантууну, эмне деп түшүнсө болот. Мейманкананын кожоюну, сойкукананы жаап эле башка ишкерлер сыяктуу эле талапка ылайыктуу ишкерликти жандантып, жумушчу орундарды түзүп, адал акча таап, эл керегине жарай турган пайдалуу иштерди кылса болбойбу?
Атаганат десең. 21-кылымда да ушул ишке киришип, коомго, элибизге жат көрүнүшөр менен алп урушуп отурушун кантип түшүнсө болот? Ошолорду өз көзүкбүз менен көрүп, угуп кантип унчукпай коебуз. Бул жат көрүнүштү кантип билбей калабыз? Тийиштүү органдар кантип байкашпайт? Өзгөн шаарыбыздын нак ортосунда ушул жат көрүнүштөр мыйзам менен шарияттын да мызамын бузуп жатса. Баарыбыз баш ийип отурсак. Алардын жанында канча мечиттер бар. Аларды, мечиттин имамдары да көрүп-билишип, эч кандай жыйынтык чыгара алышпаган. Кудайдын эле күчү жетпесе, буларга эч кимдин күчү жетпейт окшойт. Чын эле бул сойкукананы кимдир бирөө колдоп жатабы деген ойго да барат экенсиң. Эмнеге райондук жетекчилер билсе да билмексен болушуп, тымпыйышып отурушат. Же буларга эч кимдин күчү жетпейби? Шаар жана район эли билишип, алы жетпей, болгонго каршылык кыла алышпай, бул жорук күнүмдүк көнүмүш адатка айланып баратканы да өкүнүчтүү.Бүгүнкү күндө заманга шылтоолоп, акча табуунун оңой жолун таап алган “шылуундардын”, өсүп келе жаткан кыргыздын кырчын жигиттерин азгырып, ыпылас жолго салышып, ыпыластуулукка ууландырышканына, анан калса алардын дээрлик көпчүлүгүн айыккыс илдеттерге туш келтиргендерине да жооп берер күн да келер деген үмүттөбүз. Мындай абалга туш келген жигиттер гана десек жаңылыштык болот. Анткени аларга “кызмат” көрсөткөн жаш кыздарды да акчанын күчү менен азгырышып, алдын тагдырына балта чаабышып, алардын тагдырын бир тыйынга да баалашпай, тагдырларынын таш-талканын чыгаршып жатышканына кандай инсан тынч тура алат. Алар келечектеги кыргыздын учугун улаган аялзатына эмес “женил ойлуу шуркуяга” айланып баратканына кантип кол куушуруп отура алабыз. Ошондуктан, биз эне катары балдарыбыздын
кең келечегин ойлоп, ушул аруу жана татаал кадамга барууга бел байладык. Кыргызстаныбызды гүлдөгөн мамлекетке айландырып, дени сак,интелектуалдык деңгээли жогору,күчтүү, мамлекеттин эртеңин ойлогон жаштарды тарбияласак деген асыл ойлор менен ушул жат көрүнүшкө каршы чыктык. Улуу элибиздин уул-кыздары! Коомго жат көрүнүштөргө чекит коюп, жаркын келечегибиз үчүн “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып” асыл жергебизди сойкулуктан арылтып, ушул ыпылас илдеттен жергебизди сактап калалы! биздиин ушул талаптарыбызды районубуздун бийлик органдары текшерип, адилеттүү чечим чыгарат деп
ишенебиз! Кайрылып кол койгондордун тизмеси 53-адам болондуктан, алардын арасынан ушул демилгени көтөрүп калкыбыздын эртеңине кайдыгер карабаган энелерибиздин атарын атап өтөбүз:
1.З. Базарбаева.
2.С. Төрөева.
3.Ж.Жолдошева.
4.А. Махамадова.
5.Г. Акматова.
6.Т. Жунусова.

Фото Калмамата Турдубаева.

Фото Калмамата Турдубаева.

Фото Калмамата Турдубаева.

Фото Калмамата Турдубаева.ӨЗГӨН1ӨЗГӨН1

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *