Archive for April, 2017

СУУНУ БАРКТАП БИЛИП АЛ…

08 Apr 2017 No Comments »

Суусунуңду кандырган,
Жаныңды сеп алдырган.
Мелүүнү менен жыргаткан,
Мөңгүдөн келет мөлтүр суу.

Өмүрүңдү куунаткан,
Жан жыргатып ырдаткан.
Суу өмүрдүн булагы,
Жан шериги, ынагы.

Ысыганда жел берген,
Чалыкканда эс берген,
Мөңгүдөн келген муздак суу,
Жан денеңе дем Берген.

Дартыңа шыпаа эм берген,
Жараткандан бир келген.
Мөңгүдөн келет улук суу,
Баарынан дагы тунук суу.

Суулардан дил тазарат,
Жан денең жыргап агарат.
Суу болот өмүр чырагы,
Жан денеңин ынагы.

Суусуз чаңкооң басылбайт,
Көңүлүң кирдеп ачылбайт.
Суу болсо жашоо өтөт да,
Жайлоого баары көчөт да.

Суу болбой калса эгерде:
Бак-дарак курап өчөт да.
Бозойго селки түтөт да,
Ынданы өчүп бүтөт да.

Суусуз тамак бышмакпы?
Келиниң кирин жуумакпы?
Багымдатка тургандар,
Дааратсыз барып турмакпы?

Суунун баркын билип ал,
Кулагыңа илип ал.
Суу болсо дарак көгөрөт,
Жыргалга баары бөлөнөт.

Суу болсо мөмө мөмөлөйт,
Жан-жаныбар жөрмөлөйт.
Бакалар чардап сайрашат,
Балыктар жем тандашат.

Суу болсо кийим агарат,
Буту-колуң тазарат.
Суу акса агын арыкта,
Атагың калат тарыхта.

Сууну камдап ала көр,
Эрте эле жарыкта.
Суусуз жашоо кунарсыз,
Суу болбойт эч булаксыз.

Сууну барктап билип ал,
Кулагыңа илип ал…
Мөңгүдөн келген мөңгү суу,
Бабалардын белеги.

Жараткандан берилген.
Жан дүйнөңдүн шериги.
Суу болсо дүйнөң бай болот,
Жайлоолор толуп эл конот.

Кыз-жигит ойноп күлушүп.
Жашооң жыргап чок болот,
Жаштык кезиң от болот.
Жан жыргаган сезимге,
Жан дүйнөң тегиз топтолот.

Суусуз жашооң чынында.
Баарынан качып бош болот.
Жашоо өтүп кунарсыз,
Жыргалың түгөл жок болот.

Садагасы тунук суу,
Баарынан дагы улук суу.
Шаркырап агып келе бер,
Баракка-пайиз бере бер!
Жыргал деген суу өзү,
Куунал дагы нак өзү.
Жаштык деген сууда бар,
Баркын билген бууда бар.
Сууну барктап алалы,
Кантип сууну таналы.

Суусуз жерлер какырайт,
Жерлери суусуз такырайт.
(такыр болот маанисинде)
Мөңгүдөн агып келген суу,
Элдерге демин берген суу.
Ашуудан агып келген суу,
Аябай суусун берген суу.

Тектирден агып келген суу,
Тегерете суугат берген суу.
Тээ тоолордон келген суу.
Таштан-ташка урунуп,

Аябай тунуп бышкан суу.
Арыктан агып бир келген,
Айылга суусун берген суу.
Суу болсо бизде кут болот,

Барака-пайиз жуп болот.
Той-топурлар көбөйүп,
Үйлөргө тегиз кут толот.
Өлкөбуздө суу болсун,

Жыргал деген бир болсун.
Телегейи тептегиз,
Төрөлсүн балдар эп-эгиз!
Барчылык болуп элимде,
Малдары болсун сеп-семиз!

Суулары болсун деңиздей.
Ойлору болсун семиздей.
Баатырлар турсун чеп болуп,
Душманга жемин жегизбей.

Ырымдын ушул аягы,
Начар чыкты каягы.
Былкылдаган ырларым,
Уйкуда жатат сыягы.