“ӨЗГӨН РЭТ” ИШКАНАСЫНДА КАДЫРЛАР МАСЕЛЕНИ ЧЕЧПЕЙ ТААНЫШ-БИЛИШТЕР ЧЕЧИП КАЛДЫ ДЕЙБИ??

04 May 2017 No Comments »

ӨЗГӨН1
“Күбүр-шыбыр кеп угум, Өзгөндө бир кызык окуя болду деп
угам”. Кадрлар баарын чечет деген Иосиф Сталиндин чакырыгы дүйнөнүн төрт бурчунда жаңырып алдыңкы ураан бойдон калды. Сталиндин мындай көз ачыктык кеби чындыгында учурдагы актуалдуу маселелердин бири болсо да “жылкы теппей, жылан чакпай” туруп “Өзгөн РЭТ” ишканасынын жетекчиси Гурунов Мирбек Мамасалиевич ийгиликтүү иштеп жатса да кадырдык олдоксон жүрүштөр болуп кетти. “ӨЗГӨН РЭТ” ишканасынын жетекчиси Гурунов Мирбек Мамасалиевичтин 2010-2016-жылдардагы ишкананын көрсөткүчтөрү аябай жакшы экен. Анан эле “Бакиевдер үчүн тост көтөрбөгөндөргө өлүм”,-деп кыйкырган эр азаматтар , кадырларды четке сүрүп, өз жек-жаатарын , тууган -уруктарын майлуу-сүттүү жерге жайгаштыра башташты.Эми “ӨЗГӨН РЭТ”
ишканасын тажырыйбалуу, иш билги жетекчи Гурунов Мирбек Мамасалиевич бир жакшы иштеп атса, анын ордуна жаңы жетекчи келди. Бакырчаак эр-азаматтар элди жана мамлекетти ойлобосо, тааныш-билиш кылып жатса, айласыздан “Баардык жерлерде эле “Мамайдын көрү” окшойт деген ойго келет экенсиң. Төмөкү көрсөткүчтөргө көз жүгүртүп,анан садагалар бир аз акыл калчайлычы. Мамлекеттик иш жеке менчик эмес ко акыры!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *