ӨЗГӨНДӨ КАДЫРЛАР БААРЫН ЧЕЧПЕЙ ТААНЫШТАР ЧЕЧЕТ ДЕШЕТ КО?

04 May 2017 No Comments »

Калаң Эсенгелдиев

ӨЗГӨН РЭТ” ИШКАНАСЫ.

ӨЗГӨНДӨ КАДЫРЛАР БААРЫН ЧЕЧПЕЙ ТААНЫШТАР ЧЕЧЕТ ДЕШЕТ КО?

ЖОЛ БЕРГИЛЕ , “ӨЗГӨН РЭТ” ИШКАНАСЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛЕ ЖАТАТ!

Кадрлар баарын чечет деген Иосиф Сталиндин чакырыгы дүйнөнүн төрт бурчунда жаңырып алдыңкы ураан бойдон калды. Сталиндин мындай көз ачыктык кеби чындыгында учурдагы актуалдуу маселелердин бири болсо да “жылкы теппей, жылан чакпай” туруп “Өзгөн РЭТ” ишканасынын жетекчиси Гурунов Мирбек Мамасалиевич ийгиликтүү иштеп жатса да кадырдык олдоксон жүрүштөр болуп кетти. “Өзгөн РЭТ” ишканасынын 2010-2016-жылдардагы аткарган ийгиликтүү иш- аракеттери тууралуу маалыматтарга таянсак, иш билги кадрды жеке кызыкчылыктары үчүн иштен алып, тааныш-билиштик жолу менен өз таанышын жеткечи кызматка коюп, койгонуна таң каласың. Ссылка боюнча кирсеңиз сөзсүз сиз да таң калбай коё албайсыз. Себеби жок иштен алуу, ушундай кыйын мезгилде мамлекетке зыяндан башка пайдасы да жок. Анда ссылка боюнча бул жакка бир баш багыңыз. Турмуш комедиясы бул жакта экен:

#РЭТ1КАДЫРЛАРЧЕЧЕТДЕЙБИ

Бу жаратылыш кырсыктары тынбай болуп жатса, негизги маселе элдин коопсуздугубу же жекече кызыкчылыктарбы деген ойго да кетет экенсиң. Жакшы кадрлар элге кызмат кылса болбойбу?
Же кадырдык эмес жеке тааныштык жүрүштөр боло берсе,
эл менен мамлекеттин тагдыры жөнүндө да ойлорго чөмүлүп кетет экенсин да. Эмнеси болсо да ойлонуп иш кылгылачы жогору жактагылар…

Калаң Эсегелдиев

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *