Ыр ыргак
Ырымдын деми бизге тегиз жетет.
Пешенеме ыр суусун ыргак сепкен,
Жазылбаган ырларым, өтүп кеткен.
Тээ алыста баратышат, кылтылдашып,
Сагындырган мекенине, алар жеткен.
* * *
Ыр дүйнөм ырларымдын мекени го,
Жашоомдун желбиреген желеги го!
Ашыгып келе жаткан ырларымдын,
Мээримдүү элеп жаткан элеги го!
* * *
Ыргактарым, эстеп мени келе берет,
Баардыгын жактырышат биздин элет.
Нөшөрлөп, жамгыр жаап турса дагы,
Ырымдын деми бизге тегиз жетет.
Турдубаев Калмамат
Өзгөн району,
2015-жыл 8-февраль,
Жекшемби, Саат 19-52.
Үчтүктөр
* * *
Бүгүн кимбиз? «Мен» болчубуз кечээ биз?
Башка түшкөн маңдайдагы жазуу бул,
Болду эми галустукту чечебиз…
2.02.2015-жыл.
* * *
О, ыр дүйнө, менден Сага ырахмат!
Ооматыма, байлыгыма карбай
обочолоп, качпай жүргөн ыраактап…
* * *
Сен мага Периште элең бактым делген!
Мен сенин көкүрөгүңө Айды,
чачтарыңа жылдыздарды таккым келген…
* * *
Үйрөттүң үнсүз-сөзсүз боздогонду.
Табышмак келечектин алды – күңгүрт,
Тагдыр бизди кошконбу, кошпогонбу?!
* * *
Жада калса Ажалга да боорум ооруйт.
Жаңы бөбөк төрөлгөн күндөн тартып,
Жан алгыча жанынан жылбай тооруйт…
* * *
Балли, бүгүн Ата экенмин… эстешти!
Байбичем да, балдарым да: «Мидетиң –
баргының да, акча тапкын тез…» – дешти.
* * *
Дүкөнгө товарь түштү наамы жаңы –
Дүкүлдөйт аялдардын жүрөктөрү
Дирилдейт эркектердин намыяны…
* * *
Жакшы дагы, жандай досум, сен барсың!
Жабыкканда жандүйнөмдү жарыктап,
Жардам берген түгөнгөндө кем-каржым.
Агай үчтүктөр мага жакты! Балли, калемиңиз курчуй берсин!